«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2025 – жылдын иши жөнүндө маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2025 – жылда 72023 телефондон кайрылуу (же бир суткада орточо 197, бир айда 6001 чалуу) түшкөн.
2906 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (1224 же 42,1% жаш балдар, ал эми 1682 же 57,9% чоң кишилер), анын ичинен 2066 кайрылууга телефон аркылуу консультациялар менен сунуштар берилип, 605 абонентке психологиялык консультация берилген, 235 кайрылуу тиешелүү мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
2906 чалуунун ичинен эркектерден – 456 (15,7%), аялдардан – 1226 (42,2%), эркек балдардан – 342 (11,8%), кыздардан – 882 (30,3%).
Абоненттердин басымдуу бөлүгү 628 (балдар 527) же 21,6% балдарды тарбиялоо, анын жүрүм – туруму, балдар менен ата – энелердин ортосундагы мамиле, тууралуу кайрылышкан. Балдар ата – энеси, эжеси, агасы, чоң энеси, чоң атасы, тайжеси, тайкеси, өгөй атасы, өгөй апасы, курбусу, достору, курсташтары, классташтары, теңтуштары, туугандары, вожатыйы менен өз ара мамилелери жана түшүнбөстүктөрү, өзүн-өзү төмөн баалоо, жыныстык каалоо, кесип тандоодо, окууда кыйынчылыктар, экзамен берүүдөн коркуу, сүйүү сезимдери, балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү тууралуу кайрылган.
506 (балдар 23) же 17,4% кайрылган абоненттердин көбү чоң адамдар социалдык жардам сурап чалган. Алар “Үй-бүлөгө көмөк”, “Балага сүйүнчү”, “Бала береке”, кош бойлуулук жана төрөт, багуучусунан ажырагандыгы, майыптыгы боюнча жөлөкпүл чектөө жана төлөө, бала асырап алуу, камкордукка алуу, ата-энелик укуктан ажыратуу, балага ишеним кат алуу, баланы ИТБМсине, кризистик борборго убактылуу жайгаштыруу, майыптыктын мөөнөтүн узартуу, МСЭКтин иштөө убактысы жана документтерди тапшыруу, жеке ассистенттин кызматы, майптыгы бар адамга путевка алуу, социалдык контракт, “Келечекке салым” бала депозити, үй-бүлөнү жана балдарды текшерүү, балдардын эмгегин эксплуатациялаган учурда, президенттик елкага катышуу, башка ССУга которуу жөнүндө кайрылышкан.
Психологиялык жабырлануудан 431 (балдар 288) же 14,8% абонент кайрылган. Алардын кайрылуусуна ата – энесине, байкесине, эжесине, досуна, күйөөсүнө таарыныч, ата – эне тарабынан түшүнбөстүк, көңүлкоштук, апасынын сүйүүсүнүн жетишпегендиги, ашыкча коргоо (гиперопека), депрессия, коркунуч, стресс, капалануу, жалгыздык, апатия, ажырашуу, апасынын, атасынын, чоң атасынын, досунун, классташ кызынын өлүмү, кайгыруу, өзүнө нааразы болуу жана сындоо, чечкиндүүлүксүз, өзүн – өзү төмөн баалоо, комплекстер, паника чабуулу, сүйүү сезимдери, күнөөлүү сезүү, тынчсыздануу, четке кагылуу, адаптацияда кыйынчылыктар, эмоционалдык чарчоо, өзүн өзү өлтүрүү (суицидалдык) жана обсессивдүү (навязчивые) ойлор, экзамендеги төмөн баа, лудомания, байкеси тарабынан куугунтуктоо себеп болгон.
Жардам көрсөтүү 341 (балдар 55) же 11,7% абонент гуманитардык, материалдык, паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, убактылуу жашоого каттоого туруу, окууга виза алуу, ата – энесин, баласын издөө, үй түрүндө, милиция, өрт өчүрүү кызматкерлерин чакырууга, агасына чалууга жардам, алдамчылык учурда, психологдун, юристин даректерин, мамлекеттик мекеме жана башка уюмдардын даректерин сураган.
Билим берүү системасы жөнүндө 166 (балдар 30) же 5,7% абонент чалып, мектептин директоруна, мугалимге, соцпедагогго, бала бакчанын тарбиячысына, КР Агартуу министрлигине, хиджаб кийгенге тыйуу салганга даттанышкан, баланы мектепке, бала бакчага орноштуруу, 1 – класска электрондук кезекке каттоого туруу, мектеп окуучуларына даярдоо сабактарын киргизүү жөнүндө сураган.
163 (балдар 95) же 5,6% абонент балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук ата – энеси, камкорчусу, өгөй энеси, өгөй атасы, агасы, өгөй агасы, чоң энеси, чоң атасы, тайжеси, кайнатасы, кайненеси, туугандары, мугалим, классташтары, жогорку класстын окуучулары, кошунасы, курбусунун апасы, белгисиз адам тарабынан көрсөтүлгөнү, атасы, тайкеси тарабынан куугунтуктоо болгонун кабарлашкан.
Үй – бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө 158 (балдар 18) же 5,4 % абонент чалган. Буларга аял – күйөөсү, ата энеси, туугандары, эжеси, агасы, баласы, мурунку аялы, мурунку күйөөсү, тайжеси, кайненеси менен өз ара түшүнбөстүктөр жана жаңжалдар, балдардын ата – энесинин бирөөсү менен жолугууга жана сүйлөшүүгө тыюу салуу, баланы ата – энесинин бирөөсүнүн камкордугуна берүү, өспүрүмдүн жашай турган жерин аныктоо, алимент төлөнбөгөндүгү жөнүндө кайрылышкан.
132 (балдар 70) же 4,5% ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон (соцтармактар аркылуу коркутуу, соцтармактагы аккаунтун бузуу, тыюу салынган сайтка кирүү үчүн айыппул, ChatGPT менен иштөө, мамлекеттик алымды, кредитти төлөө, өлкөдөн чыгып кетүү жөнүндө, домкомго, кошунасына, дүкөндүн сатуучусуна, электр энергиясынын өчүрүлүшүнө, жолбун иттерге даттануу, балдардын укугун коргоо боюнча НУА өзгөртүү киргизүү, жер тилкелери, зоофилия, адам издөө, жумушка алуу жөнүндө жарнак, үйлөрдү милиция кызматкерлери кыдыргандыгы, автоунаа сатып алуу, моб.телефондун иштебегендиги, мобилдик байланыш операторлору, экскурсия, өзү жөнүндө аңгеме).
83 (балдар 33) же 3,0% абонент «Балдар үчүн ишеним телефону» 111 борборунун иши жөнүндө маалымат алуу үчүн кайрылган.
79 (балдар 18) же 2,7% абонент үй – бүлөлүк зомбулук күйөөсү, мурунку күйөөсү, атасы, байкеси, агасы, кызы, кайненеси, белгисиз адам тарабынан көрсөтүлгөнү, эрте турмушка чыгууга мажбурлоо жөнүндө кабарлаган.
59 (балдар 17) же 2,0% абонент медициналык камсыздоо жөнүндө чалган (доктурга, ден соолугунун көйгөйүнө, тез жардам кызматына даттануу, тез жардам кызматын чакыруу жөнүндө).
54 (балдар 4) же 1,9% кайрылуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана башка мекемелердин кызматкерлерине же ишине даттануу болгон (РИИБнын, РЭСКМБтын, «Келечек», «Акниет» БРБ кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине, айыл өкмөткө, прокуратурага, «Мегаком» компаниясына, автобус айдоочуларга, жумуш берүүчүлөргө, ижарага берүүчүгө, мечиттин кызматкерине даттануу).
41 (балдар 11) же 1,4% чалуу балдарга карата ата – эне, чоң эне тарабынан кайдыгер мамиле болгону жөнүндө түшкөн.
34 (балдар 17) абонент же 1,2% мектептеги рэкет (классташ кыздары, классташтары, жогорку класстын окуучулары тарабынан, рэкет жана буллинг тууралуу маалымат) жөнүндө билдирген.
31 (балдар 18) же 1,1% суицид жөнүндө чалган (ата – энесине, күйөөсүнө таарыныч, обсессивдүү (навязчивые) жаман ойлор, ооруусу, жашоонун маанисин жоготуу себеп болгон).
69117 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция, өрт өчүрүү кызматы, жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 682 (23,5%);
– Чүй облусунан – 260 (9,0%);
– Жалал-Абад облусунан – 163 (5,6%);
– Ош шаарынан – 115 (4,0%);
– Ош облусунан – 113 (3,9%);
– Ысык-Көл облусунан – 99 (3,4%);
– Баткен облусунан – 61 (2,1%);
– Нарын облусунан – 51 (1,7%);
– Талас облусунан – 41 (1,4%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) – 1321 (45,4%).
Бул бөлүнүштү караганда, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашоочулары көбүрөөк маалымдалганы билинип турат.
Белгилей кетчү нерсе, кээ бир түшкөн чалуулар боюнча атайын башка тиешелүү органдардын, мекемелердин кийлигишүүсү талап кылынат. Ал учурда Борбордун кызматкерлери кайрылууларды алардын маанисине жараша компетенциясына ылайык чара көрүү үчүн кабарлап, иш алып баруусун сунуштайт.
235 кабарланган билдирүүнүн ичинен 183 (77,9%) – райондук, шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыктарына (РШЭСКМБ) жөнөтүлдү, 48 (20,4%) – ички иштер органдарына, ӨКМнин 112 кызматына – 4 (1,7%) жөнөтүлгөн.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.
Биргеликте жүргүзгөн иштердин жыйынтыгында, турмуштук оор кырдаалга кабылган үй бүлөлөр өз убагында табылып жана каттого алынып, төмөнкүдөй чаралар көрүлдү:
– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук болгон тууралуу: 30 факты анык болгон (3 бала үй – бүлөдөн алынып, фостердик үй – бүлөгө жайгаштырылган; 9 өспүрүм бала убактылуу борборго жайгаштырылган; 1 аял РИИБна арыз менен кайрылган; 9 үй – бүлө менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 1 бала энеси менен ооруканага жайгаштырылган; 3 үй – бүлө каттоого алынган; 1 факты боюнча ҮЖИП түзүлгөн, 1 факты боюнча үй-бүлө түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөн баш тарткан; 2 факты боюнча РИИБнин бөлүмү карап жатат), 23 факты аныкталган эмес, 4 каралууда;
– үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн тууралуу: 10 факты аныкталган (1 мас абалдагы күйөө наркологиялык мекемеге жайгаштырылган; 1 факты боюнча соттун чечими менен жабыр тарткан адамдын кызы административдик жумушка тартылган; 2 жабырлануучу аял РИИБна арыз менен кайрылуудан баш тарткан; 1 үй-бүлө айыл өкмөткө каттоого алынган; 1 аял баласы менен кризистик борборго жайгаштырылган; 3 факты боюнча 3 эркек менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 1 факты боюнча жабырлануучу аялга коргоо ордери берилген), 1 факт аныкталган эмес;
– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу: 11 факты аныкталган, (6 бала үй – бүлөдөн алынып, убактылуу борборго жайгаштырылган; 5 үй – бүлө РШЭСКМБ тарабынан каттоого алынып, кызматкерлер тарабынан баланын ден соолугу, балдарды багуу жана тарбиялоо боюнча ата – эненин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн), 10 факты аныкталган эмес;
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө: РШЭСКМБнын кызматкерлери 86 үй – бүлөнүн жашаган жерине барып, изилдеп чыгышкан (1 өспүрүм кызга жана 2 аялга коргоо ордери берилген; 13 үй – бүлөнү текшерүүгө мүмкүн болгон эмес, себеби алар туура эмес даректи берген, ээси башка жакка көчүп кеткен; 2 аял үйүнүн эшигин ачпай койгон, бирок 1 аялдын баласы менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 1 факты боюнча жаш өспүрүм кызды мектеп окуучуларынын алдында кемсинткендиги тууралуу үй – бүлө жана мугалимдер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 18 үй – бүлөнүн балдары канааттандырарлык шартта жашайт, ошентсе да үй – бүлөнүн мүчөлөрү менен балдарды тарбиялоо, камкордук көрүү, өнүгүү, билим берүү, ден соолуктарына ата – энелердин жоопкерчилиги жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн; 5 жаш өспүрүм балдар убактылуу борборго жайгаштырылган; 11 үй – бүлө РШЭСКМБ тарабынан каттого алынган; 1 факты боюнча балдарды атасы менен жолугуп, көрүшүп турганга аял күйөөсү келишимге келишкен; үйүнөн качып кеткен 5 жаш өспүрүм балдар-кыздар РИИБна жеткирилип, ата – энелерине берилген; 1 факты боюнча өспүрүм милиция бөлүмүнө жеткирилип, камкорчусуна берилген; жоголгон кыздар тууралуу 3 факты аныкталган эмес, себеби алар атасы менен жашаарын каалашкан; 1 абонентке азык түлүк түрүндө гуманитардык жардам көрсөтүлөн; 1 кайрылуу боюнча аялга тез жардам чакырылып, баласы убактылуу балдар ооруканасына жаткырылган; ИТБМда кайтаруу эрежелерин бузгандыгы жөнүндө 1 факты аныкталган эмес; ИТБМде жайгашкан балдарды көрүүгө тыюу салынгандыгы боюнча 1 факты анык болгон, себеби аялдын ата – энелик укугунан ажыратылгандыгы тастыкталган; 1 факты боюнча чоң энесинин колунда жашаган балдардын абалы Балдар иштери боюнча комиссияда каралып, энесин ата – энелик укугунан ажыратуу үчүн ишти сотко өткөрүп берүү чечими чыгарылган; үй – бүлөнү жана балдарды текшерүүнүн жүрүшүндө балдарга карата ырайымсыз жана кайдыгерлик мамиле тууралуу 1 факты аныкталып – 2 бала алынып, убактылуу ИТБМне жайгаштырылган; мазактоо аракети боюнча 1 факт кошунасы убактылуу кармоочу жайга киргизилген; 3 кайырчылык кылуу фактысы боюнча РИИБда жана РЭСКМБдан профилактикалык иштери жүргүзүлүп 3 аялдын жеке өзүлөрү жана балдары менен алдын алуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, протокол түзүлгөн; 2 кайрылуу боюнча иш РИИБда каралууда, кайырчылык кылуу 5 факты аныкталган эмес, себеби РИИБнын кызматкерлери барганда, балдары менен аялдар көрсөтүлгөн даректе болгон эмес; 1 факт боюнча соода борборунун жанында соода кылган балдар табылган эмес), 33 факты аныкталган эмес, 6 кайрылуу каралууда;
– үй–бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар жөнүндө: 1 факты боюнча РИИБнын кызматкерлери үй – бүлө менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн; 2 факты аныкталган эмес;
– жардам берүү жөнүндө: 4 кайрылуу боюнча жаш өспүрүм кыздар табылып, ата – энесине берилген; 1 факты боюнча өспүрүм таякесинин камкорчулуггуна берилген; 1 факты боюнча 1 жаш кыз үй-бүлөсүнөн алынып, «Акниет» борборуна жайгаштырылган; өрт тууралуу 1 билдирүү тастыкталып, окуя болгон жерге ӨКМ кызматкерлери тарабынан өрт өчүрүү кызматы жөнөтүлгөн; 2 абоненттин суранычы менен көрсөтүлгөн жерге РИИБнын патрулдук-пост кызматы жөнөтүлгөн; 1 факты боюнча абонент психикалык жактан оорулуу болгондуктан, ата-энеси тарабынан коркутуу маалыматы тастыкталган жок;
– мектептеги рэкет жөнүндө: 2 факты аныкталган, РИИБнын кызматкерлери тарабынан жогорку класстын окуучулары жана ата – энелери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алар каттоого алынган;
– балдардын жүрүм-түрүмү, балдарменен ата-энелердин ортосундагы мамилелери жөнүндө: 1 факты аныкталган эмес, атасы жана өспүрүм менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн;
– мамлекеттик органдардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка уюмдардын аймактык бөлүмдөрүнүн ишине же кызматкерлерине даттануу тууралуу; РИИБдин үстүнөн түшкөн арыз боюнча 1 факты тастыкталып, РИИБнин кызматкерлери тарабынан анын кармалышынын себебин түшүндүрүлгөн.
– медициналык камсыздоо жөнүндө; 1 факты боюнча ӨКМ кызматкери окуя болгон жерге тез жардам жөнөткөн, бирок туура эмес көрсөтүлгөн даректен улам аялдын жүрөк оорусу тастыкталган эмес; 1 факты боюнча эркектин оорусу жөнүндө жалган чалуу болгон;
– суицид жөнүндө; 1 факты тастыкталып, өспүрүм бала ооруканага жаткырылган; 1 факты аныкталган эмес, себеби чалган абонент психикалык жактан оорулуу болгондуктан, жалган маалымат берген.
2025 – жылы (2906 чалуу) түшкөн чалуулардын саны 2024 – жылга (1855 чалуу) салыштырмалуу 56,6% көбөйгөн.
Кабыл алынган чалуулар боюнча маалымат ай сайын министрликтин расмий сайтында жайгаштырылып жана маалымат агенттиктердин сайтына берилип турду. Ошондой эле радио жана телеканалдарга интервьюлар берилип турду.














