КР Эмгек министри Кыргызстандагы БУУнун ФАО уюмунун өкүлү менен жолугушту

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Кыргыз Республикасындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун (ФАО) өкүлчүлүгүнүн башчысы Олег Гучгельдыев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар айыл жергесинде жана миграциядагы калктын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган мүмкүн болгон биргелешкен демилгелерди талкуулашты.

БУУнун ФАО уюмунун өкүлү Кыргызстандагы уюмдун ишмердүүлүгү, анын учурдагы жана келечектеги иш багыттары — айыл аймактарын өнүктүрүүгө жана аярлуу топторду колдоого багытталган иштер тууралуу айтып, ошондой эле Министрлик менен өнөктөштүктү мындан ары  бекемдөөгө жана адамдык капиталды өнүктүрүүгө, туруктуу өнүгүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду колдоого даяр экенин билдирди.

Пайдалуу
Ссылкалар