Эмгек министри К. Сагынбаев жарандарды кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев жарандарды жеке кабыл алды.
Кабыл алуунун жүрүшүндө жарандардын ишке орношуу жана кадрдык маселелер боюнча кайрылуулары, Кыргыз Республикасынын көзү азиздер жана дүлөйлөр коомунун (КОСиКОГ) ишмердүүлүгүнө байланыштуу даттануулар, ошондой эле жеке ассистенттердин ишине тиешелүү маселелер каралды. Мындан тышкары, эмгек мыйзамдарынын сакталышын көзөмөлдөгөн айрым инспекция кызматкерлеринин ишине байланыштуу кайрылуулар айтылды.
Кабыл алуу учурунда министр Нарын шаарынын тургунун видеобайланыш аркылуу онлайн форматта да кабыл алды.
Министрлик жеке кабыл алууга келүүгө мүмкүнчүлүгү жок жарандар үчүн алдын ала жазылуу аркылуу онлайн форматта катышуу мүмкүнчүлүгү бар экенин эскертет.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жарандар үчүн ар дайым ачык жана жеткиликтүү.















