Эмгек министри Канат Сагынбаев аялдар менен балдарды коргоо багытындагы кризистик борборлордун иши менен таанышты

 

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев зомбулуктан жабыркаган аялдарга жана балдарга жардам көрсөтүп жаткан кризистик борборлордун ишмердүүлүгү менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө министр Бишкек шаарынын вице-мэри В. Мозгачева менен биргеликте үй-бүлөлүк жана гендердик зомбулуктун курмандыктарына социалдык-психологиялык жардам көрсөтүүчү «Аялзат» муниципалдык кризистик борборуна барды. Борбордун жетекчилиги 2024–2025-жылдары аралыгында жалпы 281 адамга, анын ичинде 96 аялга жана 185 балага жардам көрсөтүлгөнүн маалымдады. Жабыркагандарга убактылуу баш калкалоо, психологиялык колдоо, социалдык коштоо, укуктук кеңеш берүү жана тиешелүү кызматтарга багыттоо кызматтары көрсөтүлөт. Борбордун иши аялдар менен балдардын коопсуздугун камсыздоого жана алардын укуктарын коргоого багытталган.

Ошондой эле министр Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин колдоосу менен ачылган «Бирдиктүү терезе» борборуна барды. Бул борбор сексуалдык зомбулукка жана адам сатуудан жабыркаган жарандарга коопсуз жана купуя шартта психологиялык, медициналык, социалдык жана укуктук жардам көрсөтөт.

«Биздин милдет — убагында чара көрүп, ыкчам жардам көрсөтүү менен гана чектелбестен, зомбулуктун алдын алуу. Ал үчүн жаш муунга үй-бүлөлүк баалуулуктарды, аялзатына жана адам өмүрүнө болгон урмат-сыйды тарбиялоо маанилүү. Профилактика, агартуу жана мамлекет менен коомдун биргелешкен жоопкерчилиги аркылуу гана туруктуу өзгөрүүлөргө жетише алабыз», — деп белгиледи Канат Сагынбаев.

Министр кризистик борборлорду колдоо жана алардын тармагын кеңейтүү аялдар менен балдардын укуктарын коргоо жана зомбулуктун алдын алуу багытындагы мамлекеттик саясаттын маанилүү бөлүгү экенин белгиледи.

Мамлекеттик социалдык заказдын алкагында үй-бүлөлүк зомбулуктан жана адам сатуу фактыларынан жабыркаган аялдар менен кыздарды колдоого багытталган социалдык долбоор ишке киргизилди.

Ошондой эле сутка бою иштеген 5200 ишеним телефону ишин баштады. Бул номер аркылуу жарандар акысыз, анонимдүү жана купуя жардам ала алышат.

 

Пайдалуу
Ссылкалар