Эмгек министрлигинде майыптуулугу бар адамдар үчүн санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча долбоор башталды

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар  мекемеси жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн Реабилитациялык борбор коомдук «Мүмкүнчүлүк» бирикмеси менен биргеликте майыптуулугу бар адамдар үчүн «YouTube-мектеп» билим берүү долбоорун ишке ашырууда.

Долбоордун катышуучулары учурда Реабилитациялык борбордо дарыланып жаткан, протездик-ортопедиялык буюмдарды алып жаткан, калыбына келтирүү дарылоосунан өтүп жана социалдык адаптациядан өтүп жаткан майыптуулугу бар адамдар болуп саналат.

Бул долбоор заманбап онлайн-платформаларды колдонуу аркылуу майыптуулугу бар адамдардын санариптик көндүмдөрүн, медиасабаттуулугун жана өзүн-өзү ишке ашыруусун өнүктүрүүгө багытталган. Окутуунун алкагында катышуучулар YouTube платформасы менен иштөөнүн негиздерин өздөштүрүшөт: контент түзүү, видеого тартуу жана монтаждоо, каналдарды тариздөө жана жүргүзүү, социалдык тармактарда илгерилетүү, ошондой эле жеке брендди жана коммуникациялык көндүмдөрдү өнүктүрүү.

Биринчи агымда 16 адам окуудан өтүүдө. Окутуунун жыйынтыгында катышуучуларга курстан өткөндүгү тууралуу күбөлүктөр тапшырылат.

Долбоордун аягына чейин 80 майыптуулугу бар адамды окутуу пландалууда.

Пайдалуу
Ссылкалар