Бишкекте 2030 – жылга чейин эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү “Эл Дөөлөтү – Эмгек” программасы жөнүндө талкууланды
Бүгүн, 28-январда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсаловдун, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаевдин, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өттү.
Жыйындын жүрүшүндө, 2030 – жылга чейин эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү “Эл Дөөлөтү – Эмгек” программасы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы талкууланды. Өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда программанын стратегиялык ролуна өзгөчө көңүл бурулду.
Өз сөзүндө, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейин Улуттук өнүгүү программасынын алкагында экономикалык өнүгүүнүн негизги багыттары аныкталганын эске салды. Бул артыкчылыктарды ишке ашыруу эмгек рыногун натыйжалуу өнүктүрүү жана атаандаштыкка жөндөмдүү эмгек ресурстарын даярдоо менен түздөн-түз байланыштуу экендиги белгиленди.
Өз кезегинде, Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев акыркы жылдары Кыргызстан эмгек рыногунда бир катар олуттуу чакырыктарга туш болуп жатканын белгиледи. Аларга жумушсуздуктун жогорку деңгээли, айрыкча жаштар жана аялдар арасында жана расмий эмес жумуштуулуктун олуттуу үлүшү кирет. Министрдин айтымында, бул маселелерди чечүү адамдык капиталды өнүктүрүүгө жана экономикалык өсүштү колдоого багытталган системалуу жана комплекстүү мамилени талап кылат.
Жыйындын катышуучулары талкууланган документтин маанисин баса белгилеп, 2030 – жылга чейин эмгек рыногун өнүктүрүү жана калкты иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү “Эл Дөөлөтү – Эмгек” программасы Кыргыз Республикасынын ар бир жаранына өзүнүн эмгек мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга жана татыктуу жумуш ордуна жетүүгө шарт түзгөн натыйжалуу, иш менен камсыз кылуу тутумунун негизин түзүүгө тийиш экенин белгилешти.















