Эмгек министрлиги Нарын облусунда беш балалуу үй-бүлөгө жардам көрсөттү
Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев беш жашка чыга элек беш баланы тарбиялап жаткан жана оор турмуштук абалга кабылган А.Мединанын үй-бүлөсүнө барды.
Учурда үй-бүлөдө эч ким иштебейт: балдар кичинекей, ал эми үй-бүлө башчысы ден соолугуна байланыштуу убактылуу эмгектене албайт. Министр жашоо шарттары менен таанышып, ата-энелер жана жергиликтүү социалдык коргоо органдарынын өкүлдөрү менен баарлашты.
Сапардын жыйынтыгында үй-бүлөгө «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулун жана үч жашка чейинки эки балага ай сайын берилүүчү БТК жөлөкпулун тариздөө жана дайындоо боюнча жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары облустук администрация кыш мезгилине көмүр менен камсыздоодо колдоо көрсөтөрүн билдирди.
«Турмуштук оо абалга кабылган үй-бүлөлөрдү колдоо — бул мамлекеттин түздөн-түз милдети. Биздин милдет — жөлөкпулдарды өз убагында дайындоо менен гана чектелбестен, мындай үй-бүлөлөрдү коштоп, аларды туруктуу жашоо деңгээлине чыгарууга жардам берүү, балдарга өсүп-өнүгүүсү үчүн татыктуу шарттарды камсыз кылуу», — деп белгиледи Канат Сагынбаев.















