Эмгек министрлигинин жаңы түзүмү бекитилди

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин ишмердигин натыйжалуу уюштуруу жана башкаруу процесстерин оптималдаштыруу максатында министрликтин жаңы түзүмү бекитилди.
Жаңы түзүм министрликтин функцияларын так бөлүштүрүүгө, чечим кабыл алуу ылдамдыгын жогорулатууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртууга багытталган. Оптималдаштыруу алкагында кайталанган функциялар кыскартылып, артыкчылыктуу багыттар боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн иши күчөтүлдү.
Бул өзгөртүүлөр эмгек мамилелери, социалдык коргоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга, ошондой эле жарандардын муктаждыктарына ыкчам жооп берүүгө шарт түзөт.
Министрлик мындан ары да ишмердигинин ачык-айкындуулугун жогорулатуу жана калкка багытталган кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү багытында иштерди улантат.

Пайдалуу
Ссылкалар