Эмгек министри аймактык бөлүмдөргө иш берүүчүлөр менен өз ара кызматташууну дагы да активдүү жүргүзүүнү тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Нарын облусуна болгон эки күндүк иш сапарын жыйынтыктап, анын алкагында Кочкор райондук , Ат-Башы жана Нарын райондор аралык башкармалыктарына, ошондой эле Нарын медициналык-социалдык экспертиза комиссиясына (МСЭК) барды. Жумушчу сапардын максаты — аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн абалын баалоо жана калкка көрсөтүлүүчү социалдык колдоону күчөтүү болду.
Сапардын жүрүшүндө министр кызматкерлердин иштөө шарттары, имараттардын абалы жана материалдык-техникалык база менен таанышты. Айрым мекемелер капиталдык оңдоого муктаж экени же жарандарды ыңгайлуу тейлөө үчүн ылайыктуу имараттарга көчүрүү зарылдыгы белгиленди.
Канат Сагынбаев бийик тоолуу жана алыскы райондордун жашоочулары үчүн үч жашка чейинки балдарга арналган жаңы жөлөкпулду тариздөө боюнча кайрылган жарандар менен жолугушту. Борбордук аппараттын адистери арыз берүүчүлөргө төлөмдөрдү дайындоо жана алуу механизмдерин, документтерди тапшыруу тартибин жана арыздарды кароо мөөнөттөрүн кеңири түшүндүрүштү.
Министр өзгөчө көңүлдү жумушка орноштуруу маселелерине бурду. Ал социалдык колдоо калкты иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча активдүү иштер менен коштолушу керектигин баса белгиледи.
«Биздин милдет — жөлөкпулдардын өз убагында төлөнүшүн камсыз кылуу менен гана чектелбестен, жарандарга жумуш табууга көмөктөшүү, жеткиликтүү бош орундар жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берүү. Аймактык башкармалыктар калк жана иш берүүчүлөр менен активдүү өз ара аракеттениши керек, ар бир адам эмгек рыногуна реалдуу жеткиликтүүлүккө ээ болушу үчүн», — деп белгиледи Канат Сагынбаев.
Иш сапардын жыйынтыгында министр жер-жерлерде иш берүүчүлөр менен координациялоону күчөтүү, калк менен үзгүлтүксүз консультациялар өткөрүү жана мамлекеттик кызматтарды натыйжалуу көрсөтүү үчүн аймактык бөлүмдөрдүн иш шарттарын жакшыртуу боюнча тапшырмаларды берди.















