Эмгек министрлиги: 2025-жылы өндүрүштө жабыркаган кыргызстандыктарга төлөнгөн компенсациялар 111 млн сомду түздү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Эмгек мыйзамдарынын көзөмөлдөө жана контролдоо кызматы билдиргендей, 2025-жылы 28 инспектор 1173 текшерүү жүргүзүп, эмгек мыйзамдарынын 1885 бузулушун аныктаган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында аткарууга милдеттүү көрсөтмөлөр берилди. Окуялардын арасында 161 жабырлануучу катталып, алардын ичинен 94 адам оор жаракат алып, 63 адам каза болду.

Салынган айып пулдардын суммасы 8,838 млн сомду түзүп, анын ичинен 6,936 млн сому өндүрүлдү. Каза болгон кызматкерлердин үй-бүлөлөрүнө төлөнгөн компенсациялар 111,057 млн сомго жетти. Кызматкерлерге эсептелген эмгек акынын жалпы суммасы 14,726 млн сомду түздү.

Кызматтын ишмердүүлүгүнүн алкагында 120 соттук-эксперттик катышуу, эмгекти коргоо боюнча 236 окутуу иш-чарасы өткөрүлүп, жарандардын 1306 жазма кайрылуусу каралып, 6541 оозеки консультация берилди.

Кызмат эмгек мыйзамдарынын сакталышын системалуу көзөмөлдөө кызматкерлердин укуктарын коргоого, эмгек тартибин жогорулатууга жана жумуш орундарындагы коопсуздукту камсыздоого багытталганын баса белгилейт.

 

Пайдалуу
Ссылкалар