Эмгек министрлиги: бир жыл ичинде жумушсуздардын саны 22%га кыскарды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары К.С. Досматов ведомствонун коллегиясында 2025-жылы мамлекеттик программаларды ишке ашыруунун оң жыйынтыктары тууралуу билдирди.
Эмгек рыногундагы абал туруктуу бойдон калды: расмий жумушсуздуктун деңгээли 1,4%ды түзүп, бул мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла төмөн (2021-жыл — 2,9%, 2022-жыл — 2,8%, 2023-жыл — 2,9%, 2024-жыл — 1,8%). Иш менен камсыз кылуу кызматтарынын каттоосунда 56,5 миң жумушсуз жаран турган, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 20%га аз (70,6 миң), алардын ичинен расмий жумушсуз макамы барлар — 38,1 миң адамды түзүп, 2024-жылга караганда 22%га кыскарды.
Ишке орношкон жарандардын саны 17,5 миң адамды түздү, ал эми активдүү программалардын катышуучуларынын саны — 19,8 миң адам.
Өзгөчө көңүл жаштардын кесиптик көндүмдөрүн жогорулатууга жана аларды иш менен камсыз кылууга багытталган «Жаштар үчүн стажировка» долбооруна бурулду. Долбоордун алкагында (2024–2025-жылдары) 30 пилоттук район жана шаарда стажировкадан өтүп жаткан катышуучуларга ай сайын эмгек акы төлөнүп, жалпысынан 3 миң жаш жаран камтылды.
2025-жылы стажировкадан 1851 адам өтүп, алардын ичинен 1332 жаш адис жумушка орноштурулду. Учурда алар мамлекеттик жана жеке уюмдарда ар кандай кесиптер боюнча иштеп жатышат: кассирлер, адистер, социалдык кызматкерлердин жардамчылары, медайымдар, кредиттик адистер, инженерлер, экономисттер, кадр кызматкерлери, массажисттер, чач тарачтар, автоэлектриктер жана конструкторлордун жардамчылары.















