КРнын Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн көмөгү менен социалдык төлөмдөрдү жана компенсацияны алуу камсыз кылынды

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү тарабынан Кыргыз Республикасынын жараны Р. З.нын багуучусун жоготуу боюнча зарыл төлөмдөрдү алууга көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылуусу боюнча Россия Федерациясынын мамлекеттик түзүмдөрү жана жумуш берүүчү менен керектүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлуп, анын жыйынтыгында 2025-жылдын 05-декабрынада Р.З.га Россиянын Социалдык фонду тарабынан багуучусун жоготкондугу боюнча 2 000 000 рубль өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул жана “Дентро” ЖЧКнын жумуш берүүчүсү тарабынан 174 600 рубль суммасында компенсация төлөнүп берилди (жалпы суммасы 2 174 600 рубль).

Пайдалуу
Ссылкалар