Балдардын укуктарын коргоо боюнча өнөктөштүк меморандумдарына кол койду
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги, Лига Защитников Прав Ребёнка коомдук фонду жана Мазерс Хоум Интернэшнл Фаундейшн жеке фонду ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумдарга кол коюлду. Бул – балдардын жана балалуу үй-бүлөлөрдүн укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо багытында мамлекет менен жарандык сектордун өнөктөштүгүн чыңдоодогу маанилүү кадам болуп саналат.
Министрлик балдарга карата зомбулуктун, ырайымсыз мамиленин, эксплуатациянын жана басмырлоонун алдын алууга, ошондой эле альтернативдүү камкордук жана үй-бүлөлүк тарбиялоо механизмдерин өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен аракеттерге өзгөчө маани берет. «Лига Защитников Прав Ребёнка» коомдук фонду менен биргеликте турмуштук оор кырдаалга кабылган балдарды коргоого багытталган программаларды илгерилетүү, балдар менен иштеген адистердин кесиптик дараметин жогорулатуу жана ведомстволор аралык натыйжалуу өз ара аракеттенүү системасын түзүү пландалууда.
Ал эми «Mother’s Home International Foundation» фонду менен өнөктөштүктүн алкагында «Эне үйү» социалдык долбоорун ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурулат. Бул – кризистик абалга кабылган энелерди жана балдарды колдоочу ресурстук борбор. Долбоор кош бойлуу жана жаш аялдарга психологиялык, медициналык жана социалдык-укуктук жардам көрсөтүү аркылуу жаңы төрөлгөн.

2026-02-17














