Эмгек министри К. Сагынбаев Индиянын Элчиси менен эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады
Бүгүн, 20-февралда, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министр К. Л. Сагынбаевдин Индия Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Бирендер Сингх Ядав менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эмгек, иш менен камсыз кылуу жана эл аралык эмгек мобилдүүлүгү жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги тууралуу пикир алышып, Индиядан келген эмгек мигранттарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.
Министр К. Сагынбаев Индия менен конструктивдүү диалогду өнүктүрүү социалдык-эмгек тармагындагы мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоодо, ошондой эле чет өлкөлүк кызматкерлер үчүн татыктуу эмгек шарттарын жана социалдык коргоону камсыз кылуунун натыйжалуу механизмдерин калыптандырууда маанилүү экенин белгиледи.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар аталган багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун алкагында активдүү диалогду улантууга жана өнөктөштүк мамилелерди ырааттуу өнүктүрүүгө ниеттерин ырасташты.















