КР Эмгек министрлиги Екатеринбургдан кароосуз калган балдарды кайтарууну уюштурду
Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарынан ата-энесинин камкордугусуз калган эки бала мекенине кайтарылды
2026-жылдын 27-февралында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарындагы Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу менен тыгыз кызматташтыкта Кыргыз Республикасынын эки жаранын — ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды мекенине кайтарды.
Балдарды кайтаруу эл аралык жана улуттук мыйзамдардын талаптарына ылайык, балдардын эң жогорку кызыкчылыктарын эске алуу менен ишке ашырылды. Азыркы учурда Министрлик тарабынан балдарды жакын туугандарына өткөрүп берүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.















