Эмгек министрлигинде “Бала ырыcы” жаңы жөлөк пулун ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоо боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде «Бала ырысы» аттуу жаңы мамлекеттик жөлөкпулду ишке ашыруунун механизмдерин талкуулоого арналган жумушчу топтун биринчи жыйыны болуп өттү.
Жыйынды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов ачты. Ал өз сөзүндө жаңы жөлөкпулду киргизүү балалуу үй-бүлөлөргө мамлекеттик колдоону күчөтүүгө жана алардын социалдык корголушунун деңгээлин жогорулатууга багытталганын белгиледи.
Анын айтымында, жөлөкпулду берүү боюнча натыйжалуу жана ачык-айкын механизмди түзүү — түзүлгөн ведомстволор аралык жумушчу топтун алкагында мамлекеттик органдардын, эксперттердин жана тармактык адистердин биргелешкен ишин талап кылган маанилүү милдет болуп саналат.
«Бүгүн биз “Бала ырысы” жаңы жөлөкпулун ишке ашыруунун практикалык механизмдерин талкуулоонун маанилүү этабын баштап жатабыз. Биздин максат — балалуу үй-бүлөлөрдү мүмкүн болушунча натыйжалуу колдоого алып, мамлекеттик жардамды алуу тартибин адилеттүү жана түшүнүктүү кылган чечимдерди иштеп чыгуу», — деп белгиледи Камчыбек Досматов.
Белгиленгендей, «Бала ырысы» жөлөкпулунун механизмдерин иштеп чыгуу боюнча иштер кызыкдар мамлекеттик органдардын жана эксперттердин катышуусу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун кийинки жыйындарынын алкагында улантылат.















