Социалдык контрактка арыздарды кабыл алуу уланууда

 

2026-жылдын 11-мартына карата республика боюнча 1825 арыз келип түштү. 607 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, алардын ичинен эң көбү 341 долбоор  айыл чарба багытында болду. Бүгүнкү күндө арыздарды кабыл улантылууда.

Аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган “Социалдык контракт” программасы Кыргыз Республикасынын Президентинин демилгеси менен 2022-жылдан бери ишке ашырылууда.

Төрт жыл аралыгында долбоордун алкагында 48 557 үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлүп, бизнес-долбоорлор ишке ашырылууда. Алардын 73,3%ы айыл чарба, 13,8%ы өндүрүш, 6,7%ы соода-сатык жана 6,2%ы кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барышууда.

Буга чейин социалдык контракттын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып 150 миң сомду түздү. Социалдык контрактты алгачкылардан болуп алган үй-бүлөлөрдүн ичинен 14 үй-бүлөнүн жылдык кирешеси 1,0 млн сомдон ашты.

“Социалдык контракт” долбоорун ишке ашырып жаткандардын 94,2%ын негизинен айыл жеринде жашаган аялдар түзөт, долбоордун алкагында 57 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлдү.

Быйыл дагы республика  13 333 аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөр социалдык контракттын алкагында 150 000 сомдон ала алышат.

Пайдалуу
Ссылкалар