Нью-Йоркто аялдардын укуктары үчүн кыймылдын ардагери Бубусара Рыскулова сыйланды
Нью-Йорк, март 2026-жыл. Бириккен Улуттар Уюмунун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 70-сессиясынын алкагында Кыргыз Республикасында аялдардын укуктары үчүн кыймылдын пионерлеринин бири – «Сезим» кризистик борборунун негиздөөчүсү Бубусара Рыскулованы урматтоо аземи болуп өттү.
Аялдардын укуктарын жана кадыр-баркын коргоо ишине көп жылдык эмгек сиңиргени үчүн Бубусара Рыскуловага «Коомго кызмат кылууга арналган өмүр үчүн» аттуу эстелик белги тапшырылды.
Отуз жылдан ашуун убакыт мурда Бубусара Рыскулова Кыргызстандагы биринчи кризистик борборду жана аялдар үчүн баш калкалоочу жайды негиздеп, үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөштө жана аялдардын укуктарын коргоодо алгачкылардан болуп үн көтөргөн коомдук ишмерлердин бири болгон. Анын демилгеси жана жигердүү коомдук ишмердүүлүгүнүн натыйжасында өлкөдө кризистик борборлордун тармагы түзүлүп, аялдарга карата зомбулук маселесине коомчулуктун көңүлү кыйла артты.
Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов катышып, Бубусара Рыскулованын салымы өлкөдө жарандык коомдун өнүгүшүнө жана аялдардын укуктарын илгерилетүүгө маанилүү салым болуп калганын белгиледи.
Кичи форматтагы сыйлоо аземи БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын жетекчилигинин, улуттук делегациялардын башчыларынын, дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн өкүлдөрүнүн, ошондой эле кыргыз делегациясынын мүчөлөрүнүн жана комиссиянын сессиясынын катышуучуларынын катышуусунда өтүп, Бубусара Рыскулованын коомдук кызматка арналган өмүр жолуна ыраазычылык билдирүүнүн символу болду.
Юбилейлик 70-сессия Нью-Йорк шаарында өтүп, дүйнөнүн ар тарабынан келген өкмөттөрдүн, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун өкүлдөрүн чогултуп, гендердик теңчилик жана аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелерин талкуулоого арналууда.















