Эмгек министрлигинин кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты
2026-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратынын кызматкерлери, ошондой эле ведомстволук бөлүмдөрдүн кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышты.
Экологиялык акциянын алкагында борбордук аппараттын кызматкерлери Махатма Ганди көчөсүнүн тилкесинде «Жаштар» паркында тазалоо иштерин жүргүзүштү. Ишембиликтин катышуучулары аймактарды таштандылардан тазалап, айлана-тегерегин иретке келтиришти.
Ошол эле учурда өлкөнүн бардык аймактарында министрликтин аймактык башкармалыктарынын кызматкерлерү да ишембиликке чыгып, өздөрүнө бекитилген аймактарда көрктөндүрүү жана санитардык тазалоо иштерин жүргүзүштү.















