Эмгек министрлигинин жамаатына министрдин жаңы орун басары тааныштырылды

 

Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Улан Султанбаев Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин борбордук аппаратына министрдин жаңы орун басары Байгончоков Мирланбек Конушбековичти тааныштырды.

М.К. Байгончоков бул кызматка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын тескемеси менен дайындалды. Ал буга чейин бул кызматты ээлеп келген Бакыт Дарманкул уулунун ордуна келди.

Буга чейин М.К. Байгончоков Бишкек шаарынын биринчи вице-мэри болуп иштеген.

Министрликтин жамааты Бакыт Дарманкул уулуна аткарган иши үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле Мирлан Байгончоковду дайындалышы менен куттуктап, алдыдагы ишине ийгиликтерди каалады.

 

Пайдалуу
Ссылкалар