Эмгек министрлигинде Дүйнөлүк банктын КРдагы кеңсесинин башчысы менен жолугушуу өттү
Министрликте эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары М.К. Байгончоков менен Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын кеңсесинин башчысы Хью Ридделдин жолугушуусу болуп өттү.
Тараптар учурдагы кызматташтыкты жана электр энергетика тармагын модернизациялоонун алкагында социалдык коргоо системасын чыңдоого багытталган долбоордун компонентин ишке ашырууну талкуулашты. Калкты санариптештирүү жаатында жана аз камсыз болгон жарандарды колдоо чаралары боюнча жетишкендик белгиленди.
2026-03-18














