Эмгек министрлиги  интернаттардагы айрым кызмат алуучулардын эмне  үчүн документтери жок экенин түшүндүрдү

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме бар. Алардын ичинде 2 миңден ашуун адам жашайт — булар улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, ошондой эле психоневрологиялык оорулары бар балдар жана чоңдор.

Документтештирүү маселеси боюнча:
Документтерди калыбына келтирүү жана тариздөө иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп келет. Ошол эле учурда айрым учурлар объективдүү себептерден улам узак убакытты талап кылат:
Айрым кызмат алуучулар Кыргызстандын аймагында эмес, мурдагы союздук республикаларда (СССР) төрөлгөн. Аларга жаңы паспорт алуу үчүн туулгандыгы тууралуу күбөлүк (же анын дубликаты) жана нике тууралуу күбөлүк талап кылынат. Бирок кызматкерлер тарабынан туулган жери боюнча башка мамлекеттерге жөнөтүлгөн суроо-талаптар көп учурда жоопсуз калууда.
Башка өлкөлөрдүн паспорттору бар кызмат алуучулар да бар.
Үчүнчү категория — социалдык стационардык мекемелерге жайгаштырылганга чейин туруктуу жашаган жери болбогон жарандар. Жаш курагы жана ден соолугунун абалына байланыштуу алар паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүк кайдан алынганын так көрсөтө алышпайт, бул документтерди калыбына келтирүүнү кыйла татаалдатат.

Буга карабастан, Министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте бул маселелерди чечүү боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет. Тактап айтканда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта документтештирүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизмин иштеп чыгуу демилгеленди.

2025-жылы социалдык стационардык мекемелерде 157 кызмат алуучунун өздүгүн тастыктаган документтери болгон эмес. Министрликтин кызматкерлеринин көмөгү менен аларды документтештирүү боюнча иштер жүргүзүлүп, натыйжада айрым кызмат алуучулар тиешелүү документтерин алышты.

Азыркы учурда 108 кызмат алуучуну документтештирүү иштери улантылууда, анын ичинде Б. Салиева атындагы Төмөнкү-Серафимовка мекемесиндеги 15 адам бар.

Медициналык камсыздоо боюнча:
Социалдык стационардык мекемелер дарылоо уюмдары болуп саналбайт. Бул мекемелерде кызмат алуучуларга минималдуу медициналык жардам көрсөтүлөт, ал эми негизги медициналык кызматтар аймактык поликлиникаларда жана ооруканаларда көрсөтүлөт.

Бөлүнгөн каражаттар дары-дармектердин базалык топтомун камсыздоого багытталган. Зарыл болгон учурда бардык камкордукка алынгандар профилдик медициналык мекемелерге жөнөтүлөт.

Ошол эле учурда Министрлик кызмат алуучуларды камсыздоонун сапатын жакшыртуу жана каржылоону көбөйтүү багытында ырааттуу иштерди жүргүзүп келет.

Пайдалуу
Ссылкалар