Казакстан менен Кыргызстан социалдык-эмгек тармагында кызматташууну чыңдап, санариптик тажрыйба алмашууда

 

 

Үстүбүздөгү жылдын 31-мартында Астана шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев Казакстан Республикасынын эмгек жана калкты социалдык коргоо министри Аскарбек Ертаев менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө социалдык-эмгек тармагындагы эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Анын ичинде мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүүнү өнүктүрүү, эмгек миграциясын жөнгө салуу жана жарандардын социалдык укуктарын камсыз кылуу маселелери камтылды.

Тараптар тажрыйба алмашууга жана артыкчылыктуу багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө өз ара кызыкдар экенин белгилешип, ведомстволор аралык деңгээлде кызматташууну мындан ары да чыңдоого даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында иш байланыштарын улантуу жана аракеттерди координациялоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Казакстан Республикасынын тиешелүү мекемелеринин ишмердүүлүгү менен да таанышууда.

Пайдалуу
Ссылкалар