Астанада министр К.Л. Сагынбаев Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борборуна барды

 

2026-жылдын 31-мартында Астана шаарына барган иш сапарынын алкагында министр К.Л. Сагынбаев Эмгек ресурстарын өнүктүрүү борборуна барып, анын ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары жана социалдык-эмгек тармагында ишке ашырылып жаткан санариптик чечимдер менен таанышты.

Сапардын жүрүшүндө төмөнкү санариптик чечимдер тааныштырылды: Qlik платформасынын негизиндеги аналитикалык система, «Үй-бүлөнүн санариптик картасы», «Пенсиялык төлөмдөрдү жана жөлөкпулдарды электрондук түрдө дайындоо» автоматташтырылган маалыматтык системасы, электрондук эмгек биржасы, онлайн окутуу платформасы, эмгек ресурстары порталы, социалдык кызматтарды көрсөтүү боюнча мобилдик тиркеме, инклюзия тармагындагы автоматташтырылган маалыматтык система, социалдык кызматтар порталы, ошондой эле миграциялык процесстерди башкаруу системасы.

Пайдалуу
Ссылкалар