«Балдар үчүн ишеним телефону» борборунун 2026 – жылдын март айынын иши тууралуу маалымат
«Балдар үчүн ишеним телефону» борборуна 2026 – жылдын 1 – мартынан 1 – апрелине чейин 6293 телефондон кайрылуу (бир суткада 203 чалуу) түшкөн.
343 абонент консультация алуу же жардам көрсөтүү жөнүндө суранып чалган (алардын 129 же 37,6 % жаш балдар, ал эми 214 же 62,4% чоң кишилер), анын ичинен 257 кайрылууга телефон аркылуу консультация менен сунуштар берилип, 68 абонентке психологиялык консультация берилген, 18 кайрылуу маанисине жараша компетенциясына ылайык мамлекеттик органдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнө, жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн кабарланып, иш алып баруусу сунушталган.
343 чалуунун ичинен: эркектерден – 39 (11,4%), аялдардан – 175 (51,0%), эркек балдардан – 40 (11,7%), кыздардан – 89 (25,9%).
Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:
– социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө – 87 (балдар 4);
– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм туруму, балдар менен ата-энелердин өз ара мамилеси жөнүндө – 58 (балдар 49);
– финансылык, юридикалык жана башка жардам көрсөтүү жөнүндө – 51 (балдар 5);
– психологиялык жабырлануу менен – 45 (балдар 17);
– билим берүү системасы жөнүндө – 20 (балдар 9);
– үй – бүлөлүк мамилелер жана жаңжалдар – 19 (балдар 2);
– башка маселелер боюнча – 18 (балдар 12);
– балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 9 (балдар 6);
– социалдык тармактардагы шантаж жана коркутуулар жөнүндө – 8 (балдар 7);
– үй – бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөн жөнүндө – 6 (балдар 1);
– БҮИТ борборунун иши жөнүндө – 6 (балдар 0);
– мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнүн, ӨАБОнын жана башка уюмдардын ишине же кызматкерлерине арыздануу менен – 5 (балдар 0);
– суицид жөнүндө – 4 (балдар 4);
– медициналык камсыздоо жөнүндө – 4 (балдар 0);
– балдарга карата кайдыгер мамиле жөнүндө – 3 (балдар 0).
5950 ар кандай мүнөздөгү чалуулар болгон: интернетке кошуу жана мобилдик операторлор тарабынан бирдиктерди жүктөө жөнүндө, телефондук тентектик (шоктук), тез жардам, милиция жана башка кызматтар тууралуу сурашкан, жаңылып чалгандар.
Абоненттердин жөнөтүлгөн кайрылуулары боюнча жер – жерлерде иш алып барылат, аларды кароонун натыйжалары жөнүндө Борбор мамлекеттик органдардын жана мекемелердин тиешелүү аймактык бөлүмдөрү менен өз ара биргеликте иштешип, балдарга, үй – бүлөлөргө, жарандарга берилген жардам, же консультация жөнүндө жазуу же оозеки түрүндө маалыматты, жоопту алып турат.
Түшкөн кайрылуулардын аймактар боюнча бөлүнүшү төмөнкүдөй:
– Бишкек шаарынан – 74 (21,5%);
– Жалал-Абад облусунан – 28 (8,2%);
– Чүй облусунан – 28 (8,2%);
– Ош облусунан – 28 (8,2%);
– Ош шаарынан – 13 (3,8%);
– Ысык- Көл облусунан – 13 (3,8%);
– Нарын облусунан – 9 (2,6%);
– Талас облусунан – 4 (1,1%);
– Баткен облусунан – 2 (0,6%);
– жашырун чалуулар (анонимдерден) –144 (42,0%).














