«Жашыл мурас» өнөктүгүнүн алкагында 200дөн ашык көчөт отургузулду
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесине 200дөн ашык көчөт, анын ичинде мөмө-жемиш бактары отургузулду.
Иш-чара Президент Садыр Жапаров демилгелеген «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгүнүн алкагында уюштурулду.
Ишембиликке аталган министрликтин биринчи орун басары Камчыбек Досматов, министрдин орун басары Мирланбек Байгончоков, ошондой эле Майыптыгы бар адамдарды реабилитациялоо борборунун жана Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин кызматкерлери катышты.

2026-04-08














