Эмгек министрлигинде министрдин жаңы орун басары тааныштырылды
Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде министрдин жаңы орун басары — Аида Исатбек кызы тааныштырылды.
Министрликтин жамаатына жаңы орун басарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн социалдык секторунун башчысы Жыпариса Рыспекова тааныштырды.
Белгиленгендей, дайындоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.А. Касымалиевдин тескемесине ылайык жүргүзүлгөн.
Буга чейин бул кызматты Айнура Орозбаева аркалап келген.
Аида Исатбек кызы көрсөтүлгөн ишеним үчүн ыраазычылык билдирип, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагындагы мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга бардык күч-аракетин жумшай турганын белгиледи.















