Эмгек министринин биринчи орун басары: 2025-жылы 7 миңден ашуун жаран кесиптик окуудан өттү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов Жогорку Кеңеште өткөн, өлкөдө чоңдордун билим берүү системасын өнүктүрүүгө арналган жыйынга катышты.
Иш-чарада ал 17-апрель “Чоңдордун билим берүү күнү”, — өлкөнүн календарына киргизилгенин белгилеп, бул чечим үзгүлтүксүз билим алуу маданиятын жайылтууда маанилүү кадам экенин айтты.
«Бул чечим билим алуу курак менен чектелбестигин дагы бир ирет тастыктайт жана заманбап коомдун өнүгүшү үчүн зарыл шарт болуп саналат», — деди ал.
К. Досматов белгилегендей, эмгек рыногунун ыкчам өзгөрүшү, санариптешүү жана жаңы технологиялардын, анын ичинде жасалма интеллекттин өнүгүшү жарандардан билимдерин жана көндүмдөрүн тынымсыз жаңыртып турууну талап кылууда.
Анын айтымында, чоңдордун билим берүүсү жарандардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууда, жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүүдө жана социалдык туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү инструмент болуп эсептелет.
Министрлик өнөктөштөр менен биргеликте эмгек рыногун талдап, талап кылынган компетенциялардын тизмесин аныктоодо. Ушунун негизинде кесиптик окутуу, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары ишке ашырылып, жумушсуздар, аялдар жана жаштар сыяктуу ар кандай категориядагы жарандарды камтууда.
Ошондой эле ал расмий катталган жумушсуздардын олуттуу бөлүгүнүн кесиптик квалификациясы жок экенин белгилеп, бул багыттагы окутуунун актуалдуулугун баса белгиледи.
«2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 7 миңден ашуун жаран кесиптик окууга жөнөтүлүп, алардын 65 пайызы алган кесиби боюнча ишке орношту», — деди К. Досматов.
Мындан тышкары, ал Президенттин Администрациясынын тапшырмасынын негизинде 45 жаштан жогору жарандарды окутуу жана кайра даярдоо боюнча 2025–2026-жылдарга карата ведомстволор аралык план иштелип чыкканын маалымдады.
Жыйынтыгында К. Досматов чоңдордун билим берүүсү адамдык капиталга салынган стратегиялык инвестиция экенин жана ал өлкөнүн туруктуу экономикалык өсүшүнө жана социалдык туруктуулугуна түздөн-түз таасир этерин баса белгиледи.
Пайдалуу
Ссылкалар