Бишкекте бош жумуш орундар жарманкеси өттү

Бүгүн, 23-апрелде К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин имаратында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги жана Бишкек мамлекеттик университети менен биргеликте бош жумуш орундар жарманкеси, “Карьера күнү” жана Ачык эшиктер күнү уюштурулду.
Жарманкеге мамлекеттик, муниципалдык жана жеке сектордон 100гө жакын уюм катышты. Анда өндүрүш, транспорт, тейлөө, каржы жана телекоммуникация тармактары боюнча 5 миңден ашык бош жумуш орун сунушталды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов жарандарды жумушка орноштурууга көмөктөшүү максатында мындай жарманкелер аймактарда үзгүлтүксүз уюштурулуп жатканын билдирди.
Мындан тышкары, Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, жумушсуздардын саны 104,7 миң адамды түзүп, жалпы жумушсуздуктун деңгээли 3,7%ды түзгөнү белгиленди.
“Акыркы жылдары каттоого турган жумушсуз жарандардын саны азаюуда. Бирок ага карабастан, акыркы учурда кайтып келген мигранттар, ошондой эле өзүнүн квалификациясына ылайык жумуш издеп жүргөн жарандар жок эмес. Аларга жетиштүү деңгээлде шарт түзүп жатабыз деген үмүттөбүз”, — деди К. Досматов.
Жарманкенин жүрүшүндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен Бишкек мамлекеттик университетинин ортосунда өз ара кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.
Меморандум эмгек рыногу жана иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндө узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө багытталган.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар иш берүүчүлөр менен түз маектешип, бош жумуш орундар тууралуу кеңири маалымат алышты.
Мындан тышкары, Калкты иш менен камсыз кылуу кызматынын адистери жумушсуздарга акысыз кыска мөөнөттүү эмгек рыногунда талап болгон курстарга окутуу, убактылуу иш менен камсыздоо, жаштар стажировкасы, социалдык контрак программалары боюнча маалымат беришти.
Иш-чаранын максаты — жарандарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, эмгек рыногундагы бош орундар тууралуу маалымдоо жана акыркы тенденциялар менен бөлүшүү болуп саналат.
Пайдалуу
Ссылкалар