Кыргызстанга «Эмгекке/окууга азык-түлүк» долбоорунун алкагында азык-түлүк жардамы жеткирилди
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги өлкө боюнча аялуу үй-бүлөлөрдү колдоо максатында Россия Федерациясы тарабынан Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) аркылуу берилген азык-түлүк жардамы келип түшкөнүн маалымдайт.
Жардам Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Бириккен Улуттар Уюмунун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ортосундагы «Эмгекке/окууга азык-түлүк» долбоорун ишке ашыруу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында көрсөтүлүүдө.
Долбоорлордун катышуучулары ирригациялык системаларды жана ичүүчү суу менен камсыздоо тармактарын калыбына келтирүү, дарыя жээктерин бекемдөө, ошондой эле климаттык тобокелдиктерди азайтуу жана жердин деградациясын алдын алуу үчүн бак-дарактарды отургузуу иштерине катышууда. Бул долбоорлор алыскы жамааттардагы инфраструктураны жакшыртып, табигый кырсыктарга жана климаттык тобокелдиктерге даярдыкты күчөтүү менен катар, жумуш менен камсыз болууга жана өз алдынча эмгектенүүгө кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.
Министрликтин Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларына буга чейин 910 тонна азык-түлүк жеткирилди. Жакынкы күндөрү кошумча түрдө 120 тонна өсүмдүк майынын келиши күтүлүүдө.
Программанын алкагында төмөнкүдөй колдоо ченемдери белгиленген:
— инфраструктураны калыбына келтирүү боюнча коомдук иштердин катышуучуларына 300 кг ун жана 30 литр өсүмдүк майы;
— агротехнологиялар жана кесиптик көндүмдөрдү өнүктүрүү боюнча окуу тренингдеринин катышуучуларына 150 кг ун жана 15 литр өсүмдүк майы.
Россия Федерациясы 15 жылдан ашуун убакыттан бери Кыргыз Республикасындагы БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын ири донорлорунун бири болуп саналат жана өзгөчө кырдаалдардан калыбына келтирүү, туруктуу өнүгүү жана мектептик тамактандыруу багытындагы долбоорлорду колдоп келет.















