Кыргызстанда 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча Программа бекитилди

2026-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин тескемеси менен 2026–2030-жылдарга кайтып келген мигранттарды реинтеграциялоо боюнча Программасы бекитилди.

Программа Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы № 4 “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды кабыл алуу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, ошондой эле 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына жана 2021–2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграция саясатынын концепциясына ылайык иштелип чыккан.

Программанын негизги максаты — чет мамлекеттерден кайтып келген Кыргыз Республикасынын жарандарына мамлекеттик колдоо көрсөтүүнүн комплекстүү системасын түзүү, алардын социалдык жана экономикалык жактан ийгиликтүү адаптацияланышын камсыз кылуу, ошондой эле кесиптик, эмгектик жана ишкердик потенциалын өлкөнүн өнүгүүсүнүн кызыкчылыгында натыйжалуу пайдалануу болуп саналат.

Программа кайтып келген мигранттарды туруктуу реинтеграциялоого багытталган бир катар артыкчылыктуу багыттарды камтыйт. Атап айтканда, экономикалык колдоо механизмдерин киргизүү, иш менен камсыз кылууга жана өз алдынча эмгектенүүгө көмөк көрсөтүү, кесиптик кайра даярдоону уюштуруу, ошондой эле чет өлкөлөрдө алынган квалификацияларды жана көндүмдөрдү таануу механизмдерин өнүктүрүү каралган.

Программа ошондой эле мигранттардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык жана психологиялык адаптациясы боюнча чараларды камтыйт. Анда жарандарга реинтеграция жана жумушка орношуу мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн адистештирилген колдоо борборлорун түзүү, маалымат платформаларын жана санариптик кызматтарды өнүктүрүү талап кылынат.

Программаны иштеп чыгуу зарылдыгы эмгек мигранттарынын мекенине кайтып келүү процесстерине байланышкан учурдагы миграциялык чакырыктар менен шартталган. Анын ичинде кабыл алуучу өлкөлөрдүн миграциялык мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр, геосаясий туруксуздук жана тышкы экономикалык факторлор эске алынган.

Программаны ишке ашыруу кайтып келген жарандардын өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна толук кандуу интеграцияланышы үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө, ишкердик активдүүлүктү колдоого, калктын иш менен камсыз болуу деңгээлин жогорулатууга жана Кыргыз Республикасынын адамдык капиталын чыңдоого мүмкүндүк берет.

 

Пайдалуу
Ссылкалар