Эмгек министрлигинде мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана чыңдоо маселелери талкууланды

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык Мыйзамын ишке ашыруу жана мамлекеттик тил саясаты жаатындагы ченемдик-укуктук актылардын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, комиссиянын өкүлдөрү, министрликтин жетекчилиги жана кызматкерлери катышты.

Жыйынды ачып жатып, министрдин орун басары Мирлан Байгончоков министрликте мамлекеттик тилди өнүктүрүү, кыргыз тилиндеги иш кагаздарын жүргүзүүнү өркүндөтүү, ошондой эле кызматкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев кыргыз тили улуттук мамлекеттүүлүктүн жана коомдук өнүгүүнүн эң маанилүү негиздеринин бири экендигин белгиледи. Ал мамлекеттик тилди коомдук турмуштун бардык тармактарында, анын ичинде санариптик мейкиндикте жана мамлекеттик коммуникацияларда активдүү колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Кеңешменин алкагында санариптештирүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Улуттук комиссиянын санариптештирүү жана инновациялар бөлүмүнүн адиси мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана жайылтууга багытталган заманбап санариптик платформалар жана инструменттер боюнча презентация жасады.

Жолугушуунун жыйынтыгында министрликтин жетекчилиги Улуттук комиссияга ыраазычылык билдирип, министрликтин ишмердүүлүгүндө мамлекеттик тилдин позициясын чыңдоо боюнча системалуу иштерди улантууга даяр экендигин белгиледи.

 

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар