Сауд Арабиясы Кыргызстанга 50 тоннага жакын курма тапшырды
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде Сауд Арабия Падышалыгынан социалдык жактан аялуу калк катмарына келген 48 тонна 720 кг курманы тапшыруу аземи болуп өттү. Иш-чарага министрликтин жетекчилиги, Сауд Арабия Падышалыгынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси мырза Ияд бин Гази Хаким, ошондой эле Король Салмандын гуманитардык жардам жана колдоо борборунун өкүлдөрү катышты.
Курма карылар үйлөрүнө, балдар үйлөрүнө, анын ичинде Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына (КМДБ), ошондой эле райондук социалдык коргоо башкармалыктары аркылуу социалдык жактан аялуу жарандарга жана үй-бүлөлөргө бөлүштүрүлөт.
Бул демилге кыргыз-сауд мамилелеринин достук мүнөзүн жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө болгон берилгендигин тастыктайт.















