Эмгек министринин орун басары Борбор Азиядагы гендердик теңчилик боюнча конференцияга катышты
2026-жылдын 21-майында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Аида Исатбек кызы Калктын саны жана өнүгүү боюнча Азия парламентчилер форуму (AFPPD) жана Азия калкы жана өнүгүү ассоциациясы (APDA) менен биргеликте уюштурулган “Борбор Азияда гендердик теңчиликти илгерилетүү жана аймактагы аялдардын укуктарын кеңейтүү” темасындагы Борбор Азиялык парламентчилердин субрегионалдык конференциясына катышты.
Аталган конференция парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого, тажрыйба алмашууга, ошондой эле гендердик теңчилик, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөшүү жана алардын укуктарын кеңейтүү боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоого багытталган

2026-05-21














