Эмгек министри К. Сагынбаев Москвада Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу өткөрдү

Россия Федерациясына болгон жумушчу сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев 2026-жылдын 25-майында Москва шаарындагы Эмгек министрлигинин Өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жарандары Россиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, эмгектенген жарандардын үй-бүлө мүчөлөрүн миграциялык каттоого коюу, жашы жете элек балдарды Москва шаарындагы жалпы билим берүү мекемелерине жайгаштыруу жана башка актуалдуу маселелерди көтөрүштү.

Жарандардын кайрылуулары боюнча министр К. Сагынбаев тиешелүү түшүндүрмөлөрдү берип, көтөрүлгөн маселелерди ыкчам кароо боюнча Өкүлчүлүктүн жетекчилигине тиешелүү тапшырмаларды берди.

Пайдалуу
Ссылкалар