Эмгек министри Москванын көп функционалдуу миграциялык борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты
2026-жылдын 25-майында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри К. Сагынбаев Москва шаарынын «Көп функционалдуу миграциялык борбору» мамлекеттик бюджеттик мекемесинин башкы директору А. Игантов, ошондой эле Москва шаарынын Экономикалык саясат жана өнүктүрүү департаментинин Миграциялык саясат башкармалыгынын башчысы Е. Кугаков менен жолугушту.
Тараптар Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан милдеттүү манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу жана медициналык кароодон өтүү тартибине байланыштуу маселелерди талкуулашты. Ошондой эле К. Сагынбаев аталган мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышты.
Эмгек министри К. Сагынбаев россиялык тарапка бул аймакта эмгектенген Кыргызстандын жарандарынын убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу кызматын санариптештирүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Мындан тышкары, тараптар маалыматтык кызматташтык жаатында өз ара аракеттенүү тууралуу макулдашышты.















