Канат Сагынбаев Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаевдин Москва шаары жана Москва облусундагы диаспоралык уюмдардын жана мекендештердин коомдук бирикмелеринин өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланды. Алардын катарында Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россиядагы убактылуу жүрүү мөөнөтүн узартуу, РФдагы кыргызстандыктардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ОМС) системасына жеткиликтүүлүгү, жарандарды Кыргызстанда ишке орноштуруу, чет өлкөгө кетүүгө чейинки даярдык жана башка маселелер болду.
Министр К. Сагынбаев жолугушуунун катышуучуларынын суроолоруна жооп берип, көтөрүлгөн маселелерди россиялык тарап менен биргеликте мындан ары да иштеп чыгуу үчүн маалыматтарды эске алганын белгиледи.















