КР ЭСКММ караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору административдик мамлекеттик кызмат орундунун улук группасына кадрлардын резервине кабыл алуу үчүн ачык конкурстук сынак жарыялайт.

 Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборуунун кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга жооп бериши керек:

– Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
– 21 жаштан жаш эмес болууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларында белгиленген дэңгээлде мамлекеттик тилди, ошондой эле кызматтык милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө расмий тилди билүү.

Административдик мамлекеттик кызмат ордунун улук тобу башкы адис (бухгалтер) үчүн жалпы квалификациялык талаптар :

  1. Кесиптик билимдин деңгээли:

‑ экономика жана башкаруу (экономика багыты боюнча) жаатындагы жогорку билим;

  1. Иш стажы жана тажрыйбасы:

‑ мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес;

  1.    Санариптик иш-билгиликке талаптар

            Компьютер жана мобилдик түзүлмө менен иштөө:

‑ текстик, графикалык жана жадыбалдык редакторлор менен иштөө;

‑ файлдарды жана папкаларды түзүү жана алар менен иштөө (атын өзгөртүү, көчүрүү, ооштуруу, алып салуу жана калыбына келтирүү;

‑ тышкы перифериялык түзүлмөнү кошуу;

‑ диск мейкиндигин тазалоо (архивдештирүү).

  Компьютердик жана социалдык тармактарда иштөө: издөө, маалыматтарды алмашуу жана сактоо (Интернет, эл. почта жана башкалар):

‑ электрондук каттарды алуу жана жөнөтүү;

‑ издөө тармактарын колдоно билүү;

‑ ар кандай браузерлер менен иштөө;

‑ кызматтык этиканын ченемдерин эске алуу менен социалдык тармактарда сыпайы өз ара аракеттешүү. 

Өтө көп билдирүүлөр менен иштөө: жаңы билдирүү иштеп чыгуу жана түзүү:

‑ билдирүүлөрдүн жана ар кандай маалыматтардын жогорку ылдамдыкта өзгөрүү шартында маалыматтык база менен иштөө;

‑ кабыл алынган чечимдин натыйжалуулугун колдооо үчүн статистикалык маалыматтарды талдоону жана билдирүүнү иштеп чыгуу;

‑ файлдын өлчөмүн кыстыруу менен маалыматтардын чоң көлөмүн кабыл алуу/жөнөтүү.

Маалыматтарды жана билдирүүлөрдү берүү:

‑ бет ачаарларды уюштуруу;

‑ эсептөө менен байланышкан сандык маалыматтар менен иштөө;

‑ маалыматтарды таблицалар, диаграммалар жана графиктер түрүндө көрсөтүү.

Прикладдык программалык өнүмдөрдү жана тейлеме кызматтарды колдонуу:

‑ Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын укуктук базасынын маалыматтык системаларын пайдалануу;

‑ веб-конференц-байланышты уюштуруучу тиркемелерди колдонуу;

‑ видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн вебтиркемелерди пайдалануу;

‑ тексти оңдоо жана редактирлөө.

Кеңселик техникалар менен иштөөнү билүү:

‑ көчүрмө аппараттары;

‑ принтер;

‑ сканер;

‑ проектор же интерактивдүү такта.

‑ факс.

Маалыматтык коопсуздук:

‑ антивирустук программаларды колдонуу;

‑ логин жана пароль орнотууну билүү;

‑ компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздуктун гигиенасын сактоо.

Жалпы мыйзамдарын билүү:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
  • “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамы;
  • “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;
  • Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

Предметтик мыйзамдарды билүү:

Кыргыз Республикасынын мыйзамдары:

‑ “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”;

‑ “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”;

‑ “Электрондук кол тамга жөнүндө”;

‑ “Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”;

‑ Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы № 266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгы;

‑ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 4-декабрындагы № 778 “Иш сапардык чыгымдардын ченемдерин белгилөө жана алардын ордун толтуруу тартиби жөнүндө” токтому;

‑ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
15-ноябрындагы № 252 “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маселелери жөнүндө” токтому;

‑ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-сентябрындагы № 434 “Убактылуу эмгекке жарамсыздыгы боюнча жөлөкпулду, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону жана Расымдык (сөөк коюуга) жөлөкпулду берүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө” токтому;

‑ Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын
17-декабрындагы № 319 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору жөнүндө Жобо;

‑ Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 21-апрелиндеги “Чет өлкөдө каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарынын сөөгүн Кыргыз Республикасына алып келүү менен байланышкан чыгымдарды жабуу боюнча чаралар жөнүндө” № 169 токтому;

‑ Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын
22-январындагы № 1-б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругу;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин 2025-жылдын 10-декабрындагы №332 “Эмгек акынын орточо өлчөмүн эсептөөнүн Эрежелери жөнүндө” буйругу; 

Конкурска катышууну каалаган адамдар “e-Kyzmat” мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу  электрондук форматта өтүнмө берет;

– Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштеп чыгууга макулдугун ырастайт.

Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген) тиркелет:

– жеке арызы;

– жогорку билимин тастыктаган документ, тиркемелери менен;

– эмгек китепчеси, эмгек китепчесине кошумча барак формасы;

– илимий даража жана наам ырастоочу документтер(бар болсо);

– паспорт (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек);

– мамлекеттик жана чет тилдери боюнча сертификат (бар болсо); 

Арыз берүүнүн мөөнөтү: 2026-жылдын 1-10-июнь аралыгында. 

Кошумча маалымат алуу үчүн: (0312) 65-02-50 телефонуна чалыңыздар.

Пайдалуу
Ссылкалар