Борбор калаада Балдарды коргоонун Эл аралык күнү салтанаттуу белгиленди

1-июнда Бишкек шаарынын борбордук аянтында Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган «Наристе» VI Эл аралык балдар фольклордук фестивалынын катышуучулары менен майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Майрамдык иш-чара Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурулду.

Фестиваль миңдеген балдарды жана алардын ата-энелерин бириктирип, аларга кубанычтын, чыгармачылыктын жана жагымдуу таасирлердин өзгөчө маанайын тартуулады. Коноктор үчүн майрамдык концерт, жаш таланттардын жана чыгармачыл жамааттардын өнөрлөрү камтылган мазмундуу программа даярдалды.

Куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри жана Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев сөз сүйлөштү.

Алар балдарды майрамы менен жылуу куттуктап, чың ден соолук, бактылуу балалык, окуудагы ийгиликтер, асыл кыялдарынын орундалышын жана тынч келечек каалашты.

Өз сөзүндө министр балдар өлкөнүн эң башкы байлыгы жана келечеги экенин белгиледи. Ал өсүп келе жаткан муунга кам көрүү, алардын өнүгүүсү, билим алышы жана өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашыруусу үчүн коопсуз шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири бойдон калып жатканын баса белгиледи. Анын айтымында, ар бир бала сүйүүнү, колдоону жана коомдун камкордугун сезиши керек, анткени дал ушундай бактылуу балдар күчтүү жана гүлдөгөн мамлекеттин пайдубалын түзөт.

«Наристе» эл аралык фестивалы балалыкты, жакшылыкты жана биримдикти даңазалаган жаркын майрам болуп, балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө унутулгус көз ирмемдерди, кубанычты жана майрамдык маанайды тартуулады.

   

 

 

Пайдалуу
Ссылкалар