Кыргызстандын Эмгек министрлигинин Россиядагы Өкүлчүлүгү 18 жаранга эмгек акы боюнча карыздарын алууга жардам берди

Москва, 2026-жылдын 2-июну — Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарынын эмгек укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ишин улантууда.

Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында Өкүлчүлүк Кыргыз Республикасынын 18 жаранына Россиянын «Приоритет» ЖЧКсынан эмгек акы боюнча топтолгон карыздарын өндүрүп алууга көмөк көрсөттү. Төлөнгөн каражаттардын жалпы суммасы 1 648 300 рублди түздү.

Пайдалуу
Ссылкалар