«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоорунун алкагында журналисттер Ош облусунда Эмгек министрлигинин социалдык демилгелеринин ишке ашырылышы менен таанышты
1-июнда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов Ош шаарында өткөн «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» аттуу медиадолбоорго катышты.
Улан Маматкановдун жумушчу сапары Ош шаарында калкка ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулун дайындоо жана төлөө маселелерине арналган жыйын менен башталды.
Жыйындын жүрүшүндө жөлөкпулду дайындоонун уюштуруучулук механизмдери, ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле калкты социалдык жактан колдоонун жаңы чараларын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын даярдыгы талкууланды.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев медиадолбоордун катышуучуларына жөлөк пулду дайындоонун тартиби, алуучулардын категориялары, арыздарды санариптик форматта кабыл алуу механизмдери жана программаны ишке киргизүүгө карата жүргүзүлүп жаткан даярдык иштери тууралуу кеңири маалымат берди.
Сапардын жүрүшүндө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү социалдык контракт программасынын ишке ашырылышынын жыйынтыктары менен да таанышты. Катышуучулар Ош шаарынын тургуну Абдуганы кызы Самаранын бизнес-долбооруна барышты. Ал тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү үчүн мамлекеттен 150 миң сом өлчөмүндө колдоо алган.
Алынган каражаттын эсебинен ишкер үч тигүүчү машинаны сатып алып, өндүрүшүн кеңейтип, бир жаңы жумуш ордун түзгөн. Учурда анын ай сайынкы кирешеси 40 миң сомдон 60 миң сомго чейин жетет. Бул социалдык контракт программасы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү колдоодо жана жарандардын ишкердик демилгелерин өнүктүрүүдө натыйжалуу механизм экенин көрсөтүп турат.
Программанын соңку этабы катары Ош шаардык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына, ошондой эле Медициналык-социалдык эксперттик комиссияга (МСЭК) баруу уюштурулду. Журналисттерге мекемелердин ишмердүүлүгү, мамлекеттик социалдык кызматтарды көрсөтүү механизмдери, социалдык колдоо чараларын дайындоо жана калкка даректүү жардам берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тааныштырылды.
«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиадолбоору жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө мамлекеттик социалдык демилгелердин иш жүзүндө кандайча ишке ашырылып жатканын көрүүгө, жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктарына баа берүүгө жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция тармагынын жер-жерлердеги ишмердүүлүгү менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берди.


![]()














