Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы административдик кызмат ордуна кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгүдөй квалификациялык  талаптар белгиленет: 

Кесиптик билим деңгээли:

 Жогорку билим; гуманитардык илимдер, социалдык илимдер, экономика жана башкаруу, педогогикалык билим берүү, табигый илимдер, техникалык илимдер.

 

Иш стажы жана тажрыйбасы:

  • Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтын стажы жалпысынан 1 жылдан кем эмес же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү иш стажы 3 жылдан кем эмес.

Резервге кирүү үчүн тестке катышууга төмөндөгү документтерди тапшыруу зарыл:

–Жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасын, өмүр баянын (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюмени, сүрөтүн;

-Паспортунун же өздүгүн күбөлөндүргөн документинин көчүрмөсү;

–Керектүү кесиптик билиминин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчисин, билими, квалификациясынын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү).

 

Документтерди электрондук түрдө “Е-Kyzmat” мамлекеттик порталынан Жеке кабинетинен тапшырылат.

Жөнөткөн документтери жана маалыматтары белгиленген тартипте жооп бербеген жарандар конкурска катышпайт.

Документтерди сайтка жарыя  чыккан күндөн тартып  10 жумушчу күн ичинде (10-июнунан 23-июнуна чейин)  Түп  райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция  башкармалыгына тапшыруу керек.

Дарек: Түп району, Түп айылы, М. Элебаев көчөсү №64 , Телефондор (03922) 2-45-53

Сурап билүү  үчүн байланыш номер:   0502683298

 

08.06.2026

Пайдалуу
Ссылкалар