Министр Канат Сагынбаев «Ачык кабинет» форматында аппараттык кеңешме өткөрдү
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда аппараттык кеңешме өткөрдү. Бул иш-чара «Ачык кабинет» долбоорунун практикасын улантып, «Биринчи радио» түз эфиринен кийин өттү.
Кеңешмеге министрликтин борбордук аппаратынын кызматкерлери, республиканын бардык аймактарындагы аймактык башкармалыктардын жетекчилери видеоконференцбайланыш режиминде, ошондой эле министрликтин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери катышты. Ачык формат журналисттерге башкаруу чечимдерин кабыл алуу процесси жана социалдык жана миграциялык саясаттын эң актуалдуу маселелеринин каралышы менен жакындан таанышууга мүмкүнчүлүк берди.
Күн тартибине үч негизги маселе киргизилди. Биринчи маселе «Бала ырысы» аттуу жаңы мамлекеттик жөлөкпулду ишке киргизүүгө даярдык көрүүгө байланыштуу болду. Бул тема актуалдуу, анткени жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан тиешелүү курактагы бардык балдарга берилет. Министр башкармалыктардын арыздарды кабыл алуу жана төлөмдөрдү баштоого максималдуу даяр болушунун, ошондой эле калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн зарылдыгын белгиледи.
Экинчи маселе оор турмуштук кырдаалдагы, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары жана майыптуулугу бар балдар үчүн жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо иш-чараларын уюштурууга арналды. Бул багыттагы актуалдуулук биринчи топтогу балдардын 10-июндан тарта эс алуу лагерлерине жөнөтүлүшү менен тастыкталат. Программаны ишке ашырууга республикалык бюджеттен жыл сайын 15 миллион сом бөлүнөт. Министр эс алууну уюштурууга көзөмөлдү күчөтүүнү жана балдардын коопсуздук талаптарынын сөзсүз сакталуусун камсыздоону тапшырды.
Үчүнчү маселе 2026-жылдын 1-июлунан тарта Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россия Федерациясына кирүүнүн жаңы эрежелеринин киргизилишине байланыштуу миграциялык чөйрөдөгү өзгөрүүлөр болду. Бул мөөнөттүн жакындап келүүсүн эске алуу менен министр эмгек мигранттары арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү жана жарандарга жаңы талаптар боюнча актуалдуу маалыматты өз убагында жеткирүүнү тапшырды.
Бардык маселелер каралып бүткөндөн кийин протоколдук тапшырмалар кабыл алынып, коюлган милдеттерди ишке ашырууга багытталды. Аппараттык кеңешме аяктагандан кийин журналисттер менен ачык талкуу өтүп, анда министр калкты социалдык коргоо, жаңы мамлекеттик демилгелер, эмгек миграциясы жана министрликтин ишмердүүлүгү боюнча суроолорго жооп берди.

2026-06-08














