Инклюзия иш жүзүндө: протездик -ортопедиялык мекеме майыптыгы бар адамдарды иш менен камсыздап, колдоо көрсөтөт

 

«Ачык кабинет» медиадолбоорунун алкагында Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев журналисттер менен бирге Протездик-ортопедиялык буюмдардын республикалык мекемесине (РУПОИ) барды. Бул мекеме 1942-жылы протез-ортопедиялык устакана катары түзүлгөн, 2004-жылы республикалык ишканага айланган, бүгүнкү күндө майыптыгы бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатууда маанилүү ролду ойнойт. Ош шаарында түштүк регионду тейлеген филиалы да иштейт.

РУПОИде 159 кызматкер эмгектенет, алардын болжол менен 10 пайызы майыптыгы бар адамдар болуп саналат. Бул инклюзивдик саясаттын жана социалдык интеграциянын ийгиликтүү мисалы болуп эсептелет. Бул теманын актуалдуулугу бардык жарандар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана майыптуулугу бар адамдарды реалдуу иш менен камсыз кылуу зарылдыгы менен шартталган.

Сапардын жүрүшүндө журналисттерге заманбап технологиялар жана жаңы жабдуулар көрсөтүлдү. Мекемени модернизациялоого 97,8 миллион сом бөлүнгөн, анын ичинен 89,3 миллиону 55 түрдүү жабдууну сатып алууга багытталган. Биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен жогорку технологиялык чечимдер киргизилүүдө. Алардын катарына төмөнкү буттар үчүн протез кабыл алуучу гильзаларды даярдоого арналган 3D-сканер жана 3D-принтер менен жабдылган 3D-протездөө бөлүмү, термопластикалык буюмдарды өндүрүү үчүн инфракызыл ротациялык меш, ортопедиялык табандарды 3D-моделдөө жана даярдоо жабдуулары кирет. Ошондой эле майыптыгы бар адамдарды тифлотехникалык жана сурдотехникалык каражаттар менен камсыз кылуу башталды. Бул жаңычылдыктардын актуалдуулугу реабилитациянын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу, ошондой эле социалдык чөйрөгө алдыңкы технологияларды киргизүү зарылдыгы менен байланыштуу.

Өзгөчө көңүл иш менен камсыз кылуу жана эмгек укуктарын сактоо маселелерине бурулду, анын ичинде майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын квоталоо да бар. Мындан тышкары журналисттерге социалдык адаптация жана санариптик окутуу долбоору көрсөтүлдү. РУПОИ Майыптыгы бар адамдар үчүн реабилитациялык борбор жана «Мүмкүнчүлүк» коомдук бирикмеси менен биргеликте «YouTube мектеби» билим берүү долбоорун ишке ашырууда. Анда катышуучулар санариптик көндүмдөрдү, видео тартуу жана монтаждоо, контент түзүү, ошондой эле медиасабаттуулук жана жеке бренд түзүүнүн негиздерин өздөштүрүшөт. Иш-чаранын максаты — инклюзия, реабилитация жана майыптыгы бар адамдар үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жаатындагы мамлекеттик саясатты көрсөтүү, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан реформаларга карата коомдук позитивдүү көз карашты калыптандыруу.

   

 

Пайдалуу
Ссылкалар