Эмгек министрлиги социалдык контракт алууда алдамчылык схемалары тууралуу эскертет

Социалдык контракт программасына жүргүзүлгөн пландуу мониторингдин жүрүшүндө Баткен аралык аймактык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы тарабынан мыйзам бузуу фактылары аныкталды: белгисиз адамдар «социалдык контрактты алууга жардам берүү» шылтоосу менен мамлекеттик жардам алуучу үй-бүлөлөрдөн акча талап кылышкан. Министрлик дароо укук коргоо органдарына кайрылган. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында шектүү кармалып, кылмыш иши козголду.

Социалдык контракттар мыйзамга ылайык, Министрликтин аймактык бөлүмдөрү аркылуу гана таризделет. Каражаттар түздөн-түз алуучунун банктык эсебине которулат — ортомчуларсыз, комиссиясыз жана үчүнчү жактарга эч кандай кошумча төлөмдөрсүз. Бул процесске сырттан адамдардын катышуусу мыйзамсыз болуп саналат.

Министрлик жарандарды сак болууга чакырат. Эгер кимдир бирөө социалдык контракт алууга көмөктөшүү үчүн акы талап кылса, бул тууралуу дароо укук коргоо органдарына же Министрликтин аймактык башкармалыктарына билдирүү зарыл. Жарандардын укуктарын коргоо жана социалдык программаларды мыйзамдуу ишке ашыруу Министрликтин талашсыз артыкчылыгы болуп саналат.

Пайдалуу
Ссылкалар