Кыргыз Республикасынын Эмгек министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү эмгек акы боюнча 558 000 рубль өлчөмүндөгү карызды өндүрүүгө жардам берди.
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын жараны У.О. тарабынан эмгек акынын төлөнбөй жатканы тууралуу кайрылуу түшкөнүнө байланыштуу тийиштүү иш-чараларды жүргүздү. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында «Ант Япы» ЖЧКсы тарабынан 558 000 рубль өлчөмүндөгү эмгек акы толугу менен төлөндү.
2026-06-10














