Бийик тоолуу зоналарында жана алыскы аймактардын жашоочуларына мамлекеттик кепилдиктерди жана компенсацияларды берүү маселелери боюнча жаңы токтомдорду колдонуу жөнүндө
2026-жылдын 5-июнунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан №398 « Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө » жана №399 «Кыргыз Республикасынын алыскы барууга кыйын жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонууну жөнгө салуу жөнүндө » токтомдор кабыл алынды.
№398 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктер жана компенсациялар жөнүндө» токтомуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы №692 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому менен бекитилген бардык калктуу конуштар, белгиленген бийиктик деңгээлдерине ылайык коэффициенттер менен киргизилди.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377 «Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтомунда көрсөтүлгөн коэффициенттер жүргүзүлгөн инвентаризациянын жыйынтыгында аныкталган бийиктик көрсөткүчтөрүнө дал келбегендигине байланыштуу жана жогоруда аталган калктуу конуштарда жашаган жарандардын абалын начарлатууга жол бербөө максатында, №399 «Кыргыз Республикасынын алыскы, жетүүгө кыйын жана айрым бийик тоолуу калктуу конуштарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктерди жана компенсацияларды колдонуу тартибин жөнгө салуу жөнүндө» токтомунун 2-тиркемесинде компенсациялоочу коэффициенттер каралган.
Ошону менен бирге, коэффициенттерди колдонууда №398 токтомду жана №399 токтомдун 2-тиркемесин жетекчиликке алуу зарыл. Жалпысынан алганда, №398 токтомунда жана №399 токтомдун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн коэффициенттердин суммасы №377 токтомунда белгиленген коэффициенттерге туура келет.
№399 токтомдун 1-тиркемесинде жетүүгө кыйын жана алыскы калктуу конуштар үчүн коэффициенттер каралган.
Калктуу конуштарды инвентаризациялоо иштери толук аяктай элек болгондуктан, аталган токтомго №377 токтомдо көрсөтүлгөн жана бийик тоолуу макамга кирбеген бардык айылдар киргизилди.














