Эмгек министрлигинде жакырчылыкты азайтуу боюнча маселеси талкууланды

 

2026-жылдын 11-июнунда Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында жакырчылыкты азайтуу программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйынды Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Камчыбек Досматов алып барды.

Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына экономика, иш менен камсыз кылуу, билим берүү, айыл чарба, социалдык коргоо жана аймактарды өнүктүрүү боюнча жооптуу мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирди.

Жолугушуунун катышуучулары мамлекеттин жакырчылыкты кыскартуу, эмгек рыногун өнүктүрүү, иш менен камсыз кылууну жогорулатуу жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерин бирдиктүү системага келтирүүгө багытталган жаңы программаны иштеп чыгуунун негизги ыкмаларын талкуулашты.

Учурда өлкөдө жакырчылыкты азайтуу боюнча иш-чараларды камтыган бир катар стратегиялык документтер жана мамлекеттик программалар ишке ашырылып жатканы белгилүү, алар Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы, 2025-2030-жылдарга региондорду комплекстүү социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы, формалдуу эмес экономикадан формалдуу экономикага өтүү боюнча Улуттук программа, Айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасы, Миграция саясатынын концепциясы, Билим берүүнү өнүктүрүү программасы жана башка документтер.

Иштелип жаткан документ иш менен камсыз кылууну жогорулатууга, адамдык капиталды өнүктүрүүгө, кирешенин туруктуу өсүшүн камсыз кылууга багытталган мамлекеттик колдоонун чараларын жана механизмдерин айкалыштырган бирдиктүү стратегиялык документ болуп калат.

Отурумдун жыйынтыгында жумушчу топтун мүчөлөрүнө программанын жана иш пландын долбооруна киргизүү үчүн өз сунуштарын жана демилгелерин киргизүү сунушталды. Документти иштеп чыгуу тиешелүү мамлекеттик органдардын жана уюмдардын сунуштарын эске алуу менен улантылат.

 

Пайдалуу
Ссылкалар