Эмгек министрлиги: балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынат
Кыргызстандагы ар бир бала сапаттуу билим алууга жана коопсуз келечекке укуктуу. Бүгүн — Балдар эмгегине каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүндө Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 18 жашка чейинки жарандардын эмгегин жөнгө салган эмгек мыйзамдарынын негизги ченемдери тууралуу маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, жумушка кабыл алуунун эң төмөнкү курагы 16 жашты түзөт. Өзгөчө учурларда уюмдун кызматкерлеринин өкүлчүлүктүү органы же эмгек чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча 15 жашка толгон өспүрүмдөрдү жумушка кабыл алууга жол берилет.
14 жашка толгон окуучулар ата-энесинин (камкорчусунун, көзөмөлчүсүнүн) же камкордук жана көзөмөл органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу менен эмгек келишимин түзүүгө укуктуу. Мында алар окуудан бош убактысында ден соолугуна зыян келтирбеген жана окуу процессине тоскоолдук жаратпаган жеңил жумуштарды аткара алышат.
14 жаштан 16 жашка чейинки кызматкерлер үчүн жумуш убактысынын узактыгы жумасына 24 сааттан, ал эми 16 жаштан 18 жашка чейинкилер үчүн жумасына 36 сааттан ашпоого тийиш.
Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинде жашы жете электердин эмгегин коргоого багытталган бир катар жоболор каралган. Негизги ченемдер Кодекстин айрым категориядагы кызматкерлердин, анын ичинде 18 жашка чейинки адамдардын эмгегин жөнгө салуунун өзгөчөлүктөрүнө арналган 11-главасында камтылган. Бул главада жашы жете электерди белгилүү бир жумуш түрлөрүнө тартууга түздөн-түз тыюу салынган.
Мындан тышкары, 18 жашка чыга элек адамдардын оор жумуштарда, ошондой эле зыяндуу же кооптуу эмгек шарттары бар иштерде иштөөсүнө тыюу салуу Кыргыз Республикасынын «Эмгекти коргоо жөнүндө» Мыйзамында бекитилген.
Жыл сайын ыйгарым укуктуу кызматтын инспекторлору менчигинин түрүнө карабастан бардык ишканаларда жана уюмдарда жаштардын жана балдардын эмгегине байланыштуу эмгек мыйзамдарынын сакталышын текшеришет.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын бардык аймагында райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана социалдык кызматкерлер тарабынан балдар эмгегин пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча рейддер уюштурулат.
Министрлик өзгөчө белгилейт: Кыргызстанда балдар эмгегин анын эң начар формаларында пайдаланууга катуу тыюу салынат.
Министрлик бардык жарандарды жашы жете электерди оор жумуштарга тартуу же алардын укуктарын бузуу фактылары жөнүндө 111 ишеним телефону аркылуу билдирүүгө чакырат. Ошондой эле балдарга карата ырайымсыз мамиле жасоо жана аларды эксплуатациялоо фактылары тууралуу маалымдоого мүмкүн болгон атайын ишеним телефону да иштейт.














