Ийгиликтүү социалдык контракттын катышуучуларына пайызсыз кредит берүү программасы-3 бекитилди
2024-жылдан тартып социалдык контракт механизмине катышкан жарандарга өздөрүнүн ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү максатында пайызсыз кредиттер бериле баштаган. Бул механизм быйыл үчүнчү жыл катары менен ишке ашырылып жатат.
Пайызсыз кредит берүү программасынын максаты социалдык контракттын катышуучуларына мурда алынган каражаттар менен уюштурулган бизнести же көмөкчү чарбаны кеңейтүү, колдоо үчүн пайызсыз кредиттерди берүү болуп саналат.
Ишкердик субъект катары ишкердик демилгелерин ийгиликтүү ишке ашырган ишкердик ишин жүргүзгөндүгүн ырастоочу документи (жеке ишкер, патент жана жоопкерчилиги чектелген коом) бар жана кредиттик тарыхы таза социалдык контракттын катышуучусунун пайызсыз кредит алуу үчүн Программага катышуу мүмкүнчүлүгү бар.
Социалдык контракттын катышуучулары бекитилген бизнес-планга ылайык ишкердик демилгелерин андан ары өнүктүрүү үчүн үч жылдык мөөнөткө 200 000 сомго чейин пайызсыз кредит ала алышат.
Катышуучулар пайызсыз кредит алгандан кийин 3 ай жеңилдик алышат (төлөнбөйт), андан кийин 3 жылдын ичинде ай сайын бирдей үлүштөр менен төлөө жүргүзүлөт. Ал эми пайыздык социалдык контракт алган жарандар үчүн мамлекет тарабынан төлөнөт.
Программага катышуу үчүн “АБанк” жана “Элдик Банк” ачык акционердик коомдоруна кайрылуусу зарыл.














